БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматында Temu платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.
Маалыматка караганда, жолугушууга Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Мирлан Рахманов, Кубанычбек Ысабеков, Башкы прокуратура менен "Кыргыз почтасы" ААКнын кызматкерлери жана Temu электрондук платформасынын өкүлдөрү катышкан.
© Фото / Пресс-служба ГНС КР
"Тараптар платформаны каттоодон өткөрүү жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү зарылдыгын талкуулашты. Ошондой эле онлайн-чөйрөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана салыктык милдеттемелерди аткаруу маселеси көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Temu платформасынын өкүлдөрү жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын аткарууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн каттоого даярдыгын тастыкташкан.