БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Чолпон-Ата шаарында жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар кыргыз-тажик мамилесин, соода, экономика маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле жакында болгон президенттердин мамлекеттик сапарларынын жыйынтыгын сүйлөшкөн.
Өлкө башчылары кыргыз-тажик чек ара сызыгын демаркациялоо процессин жылдырууга басым жасашкан.