БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров порносайттарды жабуу боюнча мыйзамга кол койду.
Эми мындай контенти бар сайттарга бир күн ичинде материалды өчүрүүгө эскертүү берилет.
Сайттын ээси андан баш тартса, портал эки айга бөгөттөлөт.
Мындан тышкары, бардык интернет-провайдерлерге порнографиялык маңыздагы контент жарыялоого тыюу салынат.
Министрлер кабинети тыюу салынган порносайттардын тизмесин даярдашы керек.