Интернетти алып келүүдө бир жылга мамлекеттик монополия киргизилет

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 15-августтан баштап бир жылга чейин интернетти алып келүү жана аны таратууга мамлекеттик монополия киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка ылайык, убактылуу 100 пайыздык монополия учурунда интернет-трафикти жеткирүү жана берүү жалгыз гана "ЭлКат" компаниясына берилет. Башка операторлор эки айдын ичинде "ЭлКатка" түзүлгөн келишимдерин өткөрүп бериши керек.
Ошондой эле "ЭлКат" компаниясы "Акнеттин" 100 пайыз үлүшүн өзүнө алат.
Документте бул иштер байланыш тармагын тартипке келтирип, санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында жасалып жатканы айтылган.
Эске салсак, буга чейин "ЭлКат" эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылган. https://sputnik.kg/20250704/elkat-mamleketke-kaytaryldy-1095109195.html
Кыргызстан менен Россия спутниктик байланыш тармагында кызматташат