БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Россия жайдын аягына чейин бензинди экспорттоого толугу менен тыюу салды.
Чектөөлөр мурда трейдерлерге эле тиешелүү болсо, эми өндүрүүчүлөргө да салынат. Чечим алардын ички рыногундагы абалды туруктуу кармап туруу үчүн кабыл алынган.
Документте бул чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизилбей тургандыгы айтылат. Кыргызстан 1,2 миллион тонна бензин менен күйүүчү майды бажы төлөмүсүз ала алат.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы да адатта мындай чектөөлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө коюлбай турганын белгиледи. Ошол эле маалда бензиндин жетиштүү кору бар экенин, кадимкидей эле ташып келинип жатканын кошумчалады.
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын негизги бөлүгүн Россиядан импорттойт.