Соттолгондор үчүн бийликке жол жабылды. Президент мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Соттолгондор жогорку кызматтарга бара албайт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
18-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамда соттуулугу жоюлган же алынганына карабастан бул тыюу жайылтылары айтылган.
Соттуулугу барлар төмөнкү кызматтарга талапкер боло албайт:
президенттикке жана Жогорку Кеңешке;
министрлер кабинетине жана мамлекеттик органдарга жетекчи болуп дайындалууга;
Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болууга;
Улуттук банктын жетекчилигине жана Эсеп палатасынын аудитору болууга.
Мындан тышкары, диний ишмерлер бул багыттагы ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин беш жыл ичинде президенттике жана ЖК депутаттыгына шайланууга укуксуз экени белгиленген.
Ташиев депутаттыкка да, президенттикке да барбасын дагы бир жолу айтты. Видео