БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Пекинде катуу жааган жамгырдан улам жүргөн сел 30 кишинин өмүрүн алып кеткенин РИА Новости жазды.
Расмий маалыматтарга караганда, Чаобай дарыясынын аймагына 24-июлдан бери жааган жамгыр Миюнь суу сактагычындагы суунун көлөмүн соңку 60 жылдан берки эң жогорку деңгээлге жеткирген. Мындан улам Миюнь, Хуайжоу жана Фаншань райондорунан 80 332 адам коопсуз аймактарга эвакуацияланган.
Кытай өкмөтү Пекиндеги бул кырдаалды калыбына келтирүү үчүн 200 миллион юань (27,8 миллион доллар) бөлдү.
Эскерте кетсек, 2023-жылы да Пекинде нөшөрлөп жааган жамгырдан 11 киши каза болуп, 44 миңден ашуун адам жабыркап, жүз миңдеген адамдар эвакуацияланган.