БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Дарыгерлер былтыр калктын арасынан вирустук гепатит жана ВИЧ-инфекциясынын бар-жогун аныктоо үчүн текшергенде, 7 894 адамдын ичинен 2466 кишиден гепатит чыккан. Бул тууралуу Гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди.
"Дарыгерлер былтыр калктын арасынан вирустук гепатит жана ВИЧ-инфекциясынын бар-жогун аныктоо үчүн үйлөрдү кыдырып, 7 894 адамды текшерген. Алардын 5247си чоң кишилер, 2647си балдар (5-17 жаш) болгон. Жыйынтыгында чоңдордун ичинен 2072 адамдан гепатиттин В түрү, 394 адамдан гепатиттин С түрү аныкталды. Балдардын арасынан В гепатитинин 19, С түрүнүн 8 учуру катталган. Ал эми беш кишиден ВИЧ табылган", — деди Чокморова.
Дарыгерлер өлкөдө гепатит илдети жайылып жаткандыктан элди эмдөөдөн сөзсүз өтүүнү суранууда. Вакцина үч этаптан турат, бардык бейтапканаларда акысыз сайылат.