БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Дары чөптөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тизмесине кошуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, Айыл чарба министрлиги дары чөптөр көзөмөлсүз жыйналып, жоголуу коркунучуна кептелип жатканын белгилеп, аталган документти даярдаган.
Министрлик фермелер дарылык касиети бар чөптөрдү өстүрүүгө кызыкканы менен учурдагы мыйзамдар бул тармакты толук камтыбай калганын, анын кесепетинен мамлекеттик колдоо (жеңилдетилген насыя, субсидия, техника) жетишсиз болуп жатканын белгилеген.
"Дары чөптөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына киргизүү бир катар пайда алып келет. Алсак, өлкөнүн жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, айыл чарба тармагын диверсификациялоого жана айыл жергесинде кирешенин жаңы булактарын ачууга өбөлгө болот. Ошондой эле бул чара биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет", — деп жазылган маалыматта.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнө киргизүүгө сунушталган өсүмдүктөр: валериана, календула, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт радиола, мыя, чычырканак, ит мурун, барбарис, чабрец, ромашка, зверобой.