Минкаб төрагасы дүйнө чемпионатында коло алган Денис Петрашовду куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло алган Денис Петрашовду телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Касымалиев Петрашовдун 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө Кыргызстандын рекордун (58,88 секунд) жараткан жеңиши тарыхый окуя экенин белгиледи.
Ошондой эле ал спортчунун талантын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучуларына жана устаттарына ыраазычылык билдирди.
Минкаб башчысы спортчу Петрашов эрдиктин символуна айланганын, анын ийгилиги шыктандыруу менен бирге бүткүл Кыргызстан эли үчүн зор сыймык экенин белгиледи.
Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокста биринчи кадамын ийгиликтүү таштады