Данияр Иманалиев ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Данияр Иманалиев ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, чечим 27-июнда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште кабыл алынган.
Данияр Иманалиев жетекчилик кызматтарда иштеген тажрыйбалуу адис. Ал 2021-жылы Кыргызстандын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары болгон.
Акыркы төрт жылда ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин директору болуп келген.
ЕЭК — Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) аткаруучу органы болуп эсептелет.
ЕАЭБ быйыл өндүрүш жаатындагы кооперациялык долбоорлорго 3 млрд. рубль бөлдү