Бишкекте таштандыны эми саат 18:00дөн тарта ыргытса болот. Эреже-тартип

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Борбор калаада эми таштандыны саат 18:00дөн тарта 00:00гө чейин ыргытса болорун мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектеги юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде көп батирлүү турак үйлөрдөгү жеке турак үйлөрдүн, турак жана турак эмес жайлардын ээлери ушул эрежени сактоого милдеттүү.
Мындан мурда таштандыны саат 19:00дөн тарта төгүүнү айтышып, убактысын бекитишкен.
Андан сырткары, күлдү, дарактын бутактарын, куураган чөп жана башка акыр-чикирлерди контейнерлерге жана ага жакын жерге ыргытууга жана сактоого тыюу салат.
Саат 07:00дөн 10:00гө чейин N2, N3 жана N4 категориялардагы чиркегичи бар N2, N3 категориясындагы жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салынды.
"Товарларды жүктөө жана түшүрүү белгиленген жерлерде жана кыймылга тоскоолдук кылбастан жүргүзүлүүгө тийиш", — дешти мэриядан.
Буга азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлиндеги товарларды, тез бузулуп кете турган тамак-аш жана медициналык товарларды, атайын кызматтардын (өрт коопсуздугу, медициналык тез жардам, авариялык-куткаруу кызматтары, куралдуу күчтөр) жүктөрүн ташыган транспорттор кирбейт.
Бишкектеги Айтматов проспектинин бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат