Балыкчыга каттаган поезддин терезелерин талкалап кеткен адамдар табылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Балыкчы – Бишкек маршруту боюнча каттаган поезддин терезесине таш ыргытып, талкалап кеткен адамдар аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Окуя 25-июлда түндө болгон. Бейбаштар Токмокто турган бир нече, анын ичинде VIP-вагондорду да таш бараңга алышкан. Терезелер соккуга туруктуу материалдан болгондуктан сынган эмес, бирок жарака кеткен.
Милиция кызматкерлери видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды изилдеп, окуянын күбөлөрүнөн сурашкан. Натыйжада окуяга тиешеси бар адамдар аныкталган. Алар Чүй районундагы айылдардын биринде жашаган 15, 14 жана 12 жаштагы өспүрүмдөр экени аныкталган. Балдардын жашы жете элек болгондуктан ата-энелери менен чогуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Милиция мындай бейбаштык кылгандар айыпка жыгыларын же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет.
Акча катып, элди издеткен блогер кайрадан кармалды