Америкалык РФтеги аралдарды сатып алып, Кытайды аңдыгысы келген

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кытайлык суу түбүндө жүрүүчү кемелерди аңдып, байкоо максатын койгон америкалык аскер адамы Россиядан Командор аралдарын сатып алууга ниеттенген. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мындай ой НАТОнун Эстониядагы аскер бөлүгүндө кызмат кылган подполковник Жеффри Фрицке таандык.
"15 миллиард доллар төлөп, Командор аралдарын Россиядан тынч жана ойлонулган жол менен сатып алуу каралган. Бул Кытайдын суу түбүндөгү кемелеринин активдүүлүгү кандай экендигин көзөмөлдөөгө шарт түзмөк. Аталган аралдар Кытайдын Цзянгэчжуан аскердик-деңиз базасынан Арктикага кеткен жолдун боюнда жайгашкан", — деп Фриц Breaking Defense басылмасына жазган.
Анын ою боюнча, АКШ аралдарды эле эмес, аларды курчап турган өзгөчө экономикалык аймакты, жаратылыш ресурстарын жана инфраструктураны да сатып алышы керек. Полковник бул идея ишке ашса АКШнын өзгөчө экономикалык аймагы 3,8 пайызга кеңеймектигин белгилеген.
АКШга байкатпай суунун түбү менен кеткен советтик атомдук кемелер. Видео