Трамптын Россияга эмнеге нааразы болуп жатканын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Европа өлкөлөрүнүн соода келишимин түзүүгө ынтызарлыгын жаратыш үчүн Дональд Трамп Россияга нааразылыгын билдирүүдө. Бул тууралуу отставкадагы америкалык полковник Дуглас Макгрегор X социалдык тармагында жазды.
Анын айтымында, Трамптын Украина боюнча Россия менен конфронтациясы — Вашингтондун Европаны көндүрүү үчүн жасаган аракети.
"Вашингтондун Москва менен тиреши европалык башчыларга глобалисттердин таасирин күчөтүп, Европа үчүн Россия коркунучтуу деген жалган маалыматты бекемдейт", — деп жазган ал.
27-июлда Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен менен Трамп соода келишимин түзүү боюнча макулдашкан. Келишимдин алкагында АКШ менен ЕБ бажы алымдары боюнча бирдиктүү 15 пайыздык коюмду сүйлөштү. Европа АКШдан чоң көлөмдөгү аскердик техника сатып алмакчы.
Лавров: АКШ менен ЕБдин келишими Европанын өнөр жайын солгундатат