30-июлга карата аба ырайы

30-июлда республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Шаршембиде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 29…34, Талас өрөөнүндө 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 30…35, Ысык-Көл, Нарын жеринде 24…29 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 30…32, Ош шаарында 32…34 градуска жетет.
Кытайда нөшөрдөн улам сел жүрүп, 30 киши каза болду