Акындардын султаны Омор Султановдун уникалдуулугу

Sputnik
КР эл акыны, Манас орденинин ээси Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" чыгармаларынын, "Улуу дайра", "Аралдар арасында", "Мухитке жол" китептеринин автору.
Омор Султанов кыргыз адабиятындагы өзгөчө акын. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн. Акын 86 жаш курагында дүйнө салган.
«Туяк» программасында акын Тынчтыкбек Нурманбетов менен биргеликте Омор Султановду эскердик.