Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Чолпон-Ата шаарында жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Алар кыргыз-тажик мамилесин, соода, экономика маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле жакында болгон президенттердин мамлекеттик сапарларынын жыйынтыгын сүйлөшкөн. Өлкө башчылары кыргыз-тажик чек ара сызыгын демаркациялоо процессин жылдырууга басым жасашкан
Мамлекеттик салык кызматында Temu платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты. Маалыматка караганда, жолугушууга Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Мирлан Рахманов, Кубанычбек Ысабеков, Башкы прокуратура менен "Кыргыз почтасы" ААКнын кызматкерлери жана Temu электрондук платформасынын өкүлдөрү катышкан. "Тараптар платформаны каттоодон өткөрүү жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү зарылдыгын талкуулашты. Ошондой эле онлайн-чөйрөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана салыктык милдеттемелерди аткаруу маселеси көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта. Temu платформасынын өкүлдөрү жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын аткарууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн каттоого даярдыгын тастыкташкан.
Дары чөптөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тизмесине кошуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, Айыл чарба министрлиги дары чөптөр көзөмөлсүз жыйналып, жоголуу коркунучуна кептелип жатканын белгилеп, аталган документти даярдаган.Министрлик фермелер дарылык касиети бар чөптөрдү өстүрүүгө кызыкканы менен учурдагы мыйзамдар бул тармакты толук камтыбай калганын, анын кесепетинен мамлекеттик колдоо жетишсиз болуп жатканын белгилеген."Дары чөптөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына киргизүү бир катар пайда алып келет. Алсак, өлкөнүн жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, айыл чарба тармагын диверсификациялоого жана айыл жергесинде кирешенин жаңы булактарын ачууга өбөлгө болот", — деп жазылган маалыматта.Айыл чарба өсүмдүктөрүнө киргизүүгө сунушталган өсүмдүктөр: валериана, календула, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт радиола, мыя, чычырканак, ит мурун, барбарис, чабрец, ромашка, зверобой.
Кыргызстанда "Россиялык мугалим чет өлкөдө" долбоору кандай иштеп жатканын Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова айтып берди. Брызгалованын айтымында, долбоор орус тилинде окуткан мектептерге жакшы жардам берип жатат. Былтыркы окуу жылында республикага Россиядан 139 мугалим келген. Демилге көбүнчө мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге багытталган, бирок РФтен келген адистер жеке менчик мектептерде да иштешет.Ал өлкөлөр арасында окуучулар алмашуусу жүрүп жатканын белгиледи.