Кыздардын кесип тандоосундагы стереотиптер жана алардын таасири

Sputnik
Кесип тандоо — адамдын келечегин аныктаган маанилүү чечим. Бирок бул тандоого коомдук көз караштар, маданият жана жыныска байланыштуу стереотиптер олуттуу таасир этет. Коомдо аялдар менен эркектерге тиешелүү деп эсептелген кесиптер бар. Аялдар жумшак, камкор мүнөзгө ээ болгондуктан, билим берүү, медицина же дизайнерлик тармактар көбүрөөк сунушталат.
Тескерисинче, техникалык жана илимий кесиптер кыздарга жарашпайт деген жаңылыш түшүнүк бар. Бул стереотиптер кыздардын өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашыруусуна тоскоол болот. Бирок акыркы учурларда кыздар бул чектөөлөрдү жеңип, ар түрдүү тармактарда ийгилик жаратууда.
Кесип тандоодо чынында эмнеге көңүл буруу керектигин "Көз мончок" программасынан тыңдаңыздар.