Республикалык кан борбору лабораторияга, жаш кадрларга муктаж. Маселе качан чечилет?

Sputnik
Июндун башынан июлдун ортосуна чейин кан тапшыруучу донор болуунун акциясы жарыяланды. Бул акция жылына өткөрүлөт. Кан тапшыруу менен жарандар башка бир адамдын өмүрүн сактап калат. Бирок баары эле донор боло албайт. Анткени кан тапшыргандардын каны анализге жөнөтүлүп, таза чыккандан кийин гана уруксат берилет. Айрымдар кан тапшыруу учурунда өзү билбей жүргөн ооруларын билген учурлар да көп болот.
Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаевдин айтымында, борбордун имараты да жаңыртууга муктаж. Ошону менен бирге өзүнүн лабораториясы жок жана кадр маселеси курч бойдон турат.