Президент Садыр Жапаров порносайттарды жабуу боюнча мыйзамга кол койду.Эми мындай контенти бар сайттарга бир күн ичинде материалды өчүрүүгө эскертүү берилет. Сайттын ээси андан баш тартса, портал эки айга бөгөттөлөт.Мындан тышкары, бардык интернет-провайдерлерге порнографиялык маңыздагы контент жарыялоого тыюу салынат.Министрлер кабинети тыюу салынган порносайттардын тизмесин даярдашы керек.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телефон аркылуу сууда сүзүүчү Денис Петрашовду Сингапурдагы суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алышы менен куттуктады. Адылбек Касымалиев Денис Петрашовдун 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө Кыргызстандын жаңы рекордун жараткан жеңиши ата мекендик спорт үчүн тарыхый окуя экенин белгиледи. Ал Денис Петрашов дүйнөлүк чемпионаттын секисине көтөрүлгөн биринчи кыргызстандык сууда сүзүүчү болуп, өлкөнү эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле спортчунун таланттын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучуларына жана устаттарына ыраазычылык билдирди. Адылбек Касымалиев Денис Петрашов эрдиктин жана спортко берилгендиктин символу экенин, анын ийгилиги бүткүл Кыргызстан эли үчүн зор сыймык жана шыктандыруу экенин баса белгиледи. Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Денис Петрашовго чың ден соолук жана Ата Мекен үчүн жаңы спорттук ийгиликтерди каалады.
Данияр Иманалиев ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, чечим 27-июнда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште кабыл алынган. Данияр Иманалиев жетекчилик кызматтарда иштеген тажрыйбалуу адис. Ал 2021-жылы Кыргызстандын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары болгон. Акыркы төрт жылда ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин директору болуп келген. ЕЭК — Евразиялык экономикалык биримдиктин аткаруучу органы болуп эсептелет.
Кыргызстанда "Россиялык мугалим чет өлкөдө" долбоору кандай иштеп жатканын Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү. Брызгалованын айтымында, долбоор орус тилинде окуткан мектептерге жакшы жардам берип жатат. Былтыркы окуу жылында республикага Россиядан 139 мугалим келген. Демилге көбүнчө мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге багытталган, бирок РФтен келген адистер жеке менчик мектептерде да иштешет. "Окуу жылынын ичинде алар биздин мектептерде эмгектенип, олимпиадаларга жана башка сынактарга даярдоо ийримдеринде да сабак өтүшөт. Бул биздин Россия менен бирдиктүү билим берүү мейкиндигибиз бар экенинен кабар берет", — деди Брызгалова.Ал өлкөлөр арасында окуучулар алмашуусу жүрүп жатканын белгиледи."Үч жылдан бери Караколдогу 7-8-класстардын балдары Россиянын Иваново шаарында 90 күн окуп келишет. Аларды кыргыз тили жана Кыргызстан тарыхы боюнча мугалимдерибиз коштоп жүрүшөт. Алар балдар мектептерде окуп жатканда Ивановодогу институттун базасында квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшөт", — деди адис.