Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Соттолгондор жогорку кызматтарга бара албайт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. 18-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамда соттуулугу жоюлган же алынганына карабастан бул тыюу жайылтылары айтылган. Соттуулугу барлар төмөнкү кызматтарга талапкер боло албайт: президенттикке жана Жогорку Кеңешке; министрлер кабинетине жана мамлекеттик органдарга жетекчи болуп дайындалууга; Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болууга; Улуттук банктын жетекчилигине жана Эсеп палатасынын аудитору болууга. Мындан тышкары, диний ишмерлер бул багыттагы ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин беш жыл ичинде президенттике жана ЖК депутаттыгына шайланууга укуксуз экени белгиленген.
Россия жайдын аягына чейин бензинди экспорттоого толугу менен тыюу салды. Чектөөлөр мурда трейдерлерге эле тиешелүү болсо, эми өндүрүүчүлөргө да салынат. Чечим алардын ички рыногундагы абалды туруктуу кармап туруу үчүн кабыл алынган. Документте бул чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизилбей тургандыгы айтылат. Кыргызстан 1,2 миллион тонна бензин менен күйүүчү майды бажы төлөмүсүз ала алат. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы да адатта мындай чектөөлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө коюлбай турганын белгиледи. Ошол эле маалда бензиндин жетиштүү кору бар экенин, кадимкидей эле ташып келинип жатканын кошумчалады. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын негизги бөлүгүн Россиядан импорттойт.
Дарыгерлер былтыр калктын арасынан вирустук гепатит жана ВИЧ-инфекциясынын бар-жогун аныктоо үчүн текшергенде, 7 894 адамдын ичинен 2466 кишиден гепатит чыккан. Бул тууралуу Гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди. "Дарыгерлер былтыр калктын арасынан вирустук гепатит жана ВИЧ-инфекциясынын бар-жогун аныктоо үчүн үйлөрдү кыдырып, 7 894 адамды текшерген. Алардын 5247си чоң кишилер, 2647си балдар (5-17 жаш) болгон. Жыйынтыгында чоңдордун ичинен 2072 адамдан гепатиттин В түрү, 394 адамдан гепатиттин С түрү аныкталды. Балдардын арасынан В гепатитинин 19, С түрүнүн 8 учуру катталган. Ал эми беш кишиден ВИЧ табылган", — деди Чокморова. Дарыгерлер өлкөдө гепатит илдети жайылып жаткандыктан элди эмдөөдөн сөзсүз өтүүнү суранууда. Вакцина үч этаптан турат, бардык бейтапканаларда акысыз сайылат.
Европа өлкөлөрүнүн соода келишимин түзүүгө ынтызарлыгын жаратыш үчүн Дональд Трамп Россияга нааразылыгын билдирүүдө. Бул тууралуу отставкадагы америкалык полковник Дуглас Макгрегор X социалдык тармагында жазды. Анын айтымында, Трамптын Украина боюнча Россия менен конфронтациясы — Вашингтондун Европаны көндүрүү үчүн жасаган аракети. "Вашингтондун Москва менен тиреши европалык башчыларга глобалисттердин таасирин күчөтүп, Европа үчүн Россия коркунучтуу деген жалган маалыматты бекемдейт", — деп жазган ал. 27-июлда Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен менен Трамп соода келишимин түзүү боюнча макулдашкан. Келишимдин алкагында АКШ менен ЕБ бажы алымдары боюнча бирдиктүү 15 пайыздык коюмду сүйлөштү. Европа АКШдан чоң көлөмдөгү аскердик техника сатып алмакчы