Өлкөдө оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдар үчүн ар кандай социалдык мекемелер бар. Алардын бири балдар үйү. Бул жайлар ата-энесинен ажыраган же коомдун колдоосуна муктаж болгон балдарга баш калкалоочу гана эмес, билим берип, келечекке даярдаган тарбия берүүчү жай катары кызмат кылат. Бирок ал жакты бүтүргөндөн кийин жашоосун кантип улантып жатышканы, аларга мамлекеттик же коомдук уюмдар кандай колдоо көрсөтүп жатканы көп учурда айтылбай келет. Бүгүнкү маегибизде балдар үйлөрүндө жашаган балдардын турмуш шарттары, аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдар жана бүтүрүүчүлөр коомго кантип аралашып жатканы тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өркүндөтүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев жооп берди.