15-августтан баштап бир жылга чейин интернетти алып келүү жана аны таратууга мамлекеттик монополия орнотулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматка ылайык, убактылуу 100 пайыздык монополия учурунда интернет-трафикти жеткирүү жана берүү жалгыз гана "ЭлКат" компаниясына берилет. Башка операторлор эки айдын ичинде "ЭлКатка" түзүлгөн келишимдерин өткөрүп бериши керек. Ошондой эле "ЭлКат" компаниясы "Акнеттин" 100 пайыз үлүшүн өзүнө алат. Документте бул иштер байланыш тармагын тартипке келтирип, санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында жасалып жатканы айтылган. Эске салсак, буга чейин "ЭлКат" эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылган.
Текшергендердин дээрлик жарымынан гепатит чыкты Дарыгерлер былтыр калктын арасынан вирустук гепатит жана ВИЧ-инфекциясынын бар-жогун аныктоо үчүн 7894 үйдү кыдырган. Текшерилгендердин 5247си чоң кишилер, 2647си балдар болгон. “Жыйынтыгында чоңдордун ичинен 2072 адамдан гепатиттин В түрү, 394 адамдан гепатиттин С түрү аныкталды. Балдардын арасынан В гепатитинин 19, С түрүнүн 8 учуру катталган. Ал эми 5 кишиден ВИЧ табылган”, — деди Гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова. Дарыгерлер өлкөдө гепатит оорусу жайылып жаткандыктан кыргызстандыктарды эмдөөдөн сөзсүз өтүүнү суранууда. Вакцина үч этаптан турат, бардык бейтапканаларда АКЫСЫЗ сайылат.
Өлкөгө мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүн импорттоо кыйла төмөндөдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөнүн жылдык мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүнө болгон муктаждыгы 23 миллионду түзөт. 2024-жылы ата мекендик питомниктер жалпы 12,1 млн көчөт даярдап, 2025-жылдын жазгы отургузуу кампаниясын камсыз кылышты, бул жалпы муктаждыктын олуттуу үлүшүн түздү. Мындан тышкары, ички суроо-талапты жабуу үчүн көчөт материалдарын чет өлкөдөн алып келүү уланууда. Бирок, өздүк өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшүнөн улам импортко көз карандылыктын төмөндөшү байкалууда. Алсак, 2024-жылдын январь айынан июлга чейин өлкөгө 20,1 млн даана көчөт алып келинсе, 2025-жылдын ушул мезгилинде импорттун көлөмү дээрлик эки эсеге кыскарып, 11,5 млн түзгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үрөнчүлүк чарба статусун алган 22 питомник расмий түрдө иштеп жатат. Алар мөмө-жемиш жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн өстүрүү жана сатуу менен алектенишет.
Тегеранга эгерде АКШ менен Израиль тараптан агрессиялык жаңы кадамдар жасалса, ага берилген жооптун кесепети бир топ катуу, байкаларлык болот. Бул туурасында Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи айканын РИА Новости жазды. "Акыркы америкалык-израилдик чабуул маалында эмне болгону Ирандын эсинде. Анын кесепети биз үчүн да, душмандар үчүн да оңбогондой болду. Канча сокку урулганы жана башка маалыматтар азыркыга чейин ачык айтылган жок. Эгер мындай агрессия дагы кайталанса, биз мурдагыдан да чечкиндүүрөөк жооп кайтарабыз. Анын кесепетин жашыруу мүмкүн болбой калат", — деген жазган Аракчи Х социалдык тармагындагы баракчасына.