Өлкөдө кайра иштетүүгө мүмкүн болбогон желим идиштерге тыюу салынды - Жаңы мыйзам кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?

Sputnik
Кайра иштетүүгө мүмкүн болбогон желим идиштерди өлкө аймагында колдонууга тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ал жарыялангандан кийин он күндөн кийин ишке кирет. Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 17-июнунда кабыл алган. “Күн башат” программасында дал ушул теманын алкагында кеп кылдык.
Жаңы мыйзам кандай өзгөрүүлөрдү алып келет? Көзөмөлдөө, текшерүү иштерин ким жүргүзөт?
Ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Биздин суроолорубузга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Калдыктар боюнча иш жүргүзүү бөлүмүнүн адиси Нурсултан Акматов жооп берди.