Ошто зордуктоого шектелген адам экспертиза учурунда качып кетип, кайра кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. —Sputnik. Ички иштер министрлиги Ош шаарында экспертиза учурунда качып кеткен шектүү кармалганын билдирди.

“Буга чейин зордуктоого шектелген жаран соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан имараттан качып кеткени маалымдалган. Аталган факт боюнча дароо издөө иш-чаралары уюштурулуп, шектүү кармалды. Учурда ал кайрадан камакка алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Министрлик шектүүнү коштоп жүргөн жооптуу кызматкерлерге карата кызматтык текшерүү башталганын кошумчалады. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.
Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталууда