БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин антикоррупциялык органдардын көз карандысыздыгына шек келтирген аракеттери Батыш өлкөлөрүнө жакпай, аларды нааразы кылды. Бул тууралуу Financial Times басылмасына шилтеме жасап РИА Новости жазды.
Жасаган иштерине терс пикирлер күчөгөн сайын Зеленский артка кайтууга аргасыз болду. Ал антикоррупциялык мекемелердин көз карандысыздыгын калыбына келтирүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун убада кылды. Бирок бул аралыкта өлкө ичинде да, чет мамлекеттерде да анын кадырына доо кетти.
Зеленский "демократиянын символу" катары даңазаланып келген. Бирок бул аптада анын "көзүрүнүн" колунан жылмышканы айтылды.
Басылма Зеленскийдин соңку кадамдары Украинанын Евробиримдикке кошулуу үмүтүнө суу сээп, аны менен катар эле Европанын, Эл аралык валюта фондунун каржылык жактан көрсөткөн колдоосуна доо кетириши мүмкүндүгүн жазды.
Шейшембиде Жогорку Рада Улуттук антикоррупциялык бюро (НАБУ) жана Антикоррупциялык атайын прокуратуранын (САП) көз карандысыз статусун жокко чыгарган мыйзам долбоорун колдоп берди. Кийинчерээк документке президент Зеленский кол койду.
Раданын бир катар депутаттары бул чечимге нааразылыгын айтып, документти Конституциялык сотко өткөрүү ниетин билдиришти. Ал арада Киев, Львов, Днепр, Одесса жана башка шаарларда жапырт нааразылык акциялары башталды. Киевдеги митинг президенттик кеңсенин жанында өттү.
Бейшемби күнү Зеленский митингдер болуп жатканда Радага НАБУ жана САП боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, бул органдардын көз карандысыздыгын "бекемдөөгө" убада берди.
Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова билдиргендей, НАБУ менен САП — Батыштын таасир этиш үчүн колдончу куралы. Ал эми өлкөдө чыныгы антикоррупциялык күрөш жүрүп жатат деп айтууга болбойт.