ЕАЭБ быйыл өндүрүш жаатындагы кооперациялык долбоорлорго 3 млрд. рубль бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. ЕАЭБ быйыл өндүрүш жаатындагы кооперациялык долбоорлорго 3 млрд рубль (37,8 млн доллар) бөлдү. Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди.
Ал бул беш жылга эсептелген сынамык долбоор экенин белгиледи. Ага ылайык, Евразиялык экономикалык комиссия улуттук банктардын эсептик чени боюнча "бештиктин" пайызынын бир бөлүгүн субсидиялап берет.
Вакунов: орус-кыргыз алакасынын динамикалуу өнүгүүсүнө ЕАЭБ түрткү болууда