Трамп ЕБ менен соода келишимин түзгөнүн жар салды

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ак үйдүн жетекчиси Дональд Трамп АКШ менен ЕБ ортосунда соода келишими түзүлгөнүн билдиргенин РИА Новости жазды.
Бул кабарды президент Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен жолукканда айткан.
Макулдашуунун маанилүү жерлери:
Брюссель Вашингтон менен соода жүргүзүү үчүн өз рыногун бажы төлөмдөрү нөл болгон коюм менен ачууну макулдашты;
Евробиримдик АКШдан 750 миллиард долларга энергетикалык ресурстарды сатып алууга макул болду;
АКШ менен ЕБ бажы алымдары боюнча бирдиктүү 15 пайыздык коюмду сүйлөштү. "Бул — көп өлкөлөрдү камтыган ири келишим" деп белгилешти тараптар;
Европа АКШдан чоң көлөмдөгү аскердик техника сатып алмакчы.
Мындан тышкары, Евробиримдик АКШга 600 миллиард доллар инвестиция салууга макул болду.
Франциядагы "Улуттук биримдик" партиясынын парламенттик фракциясынын лидери Марин Ле Пен ЕБдин АКШ менен түзгөн соода келишимин саясий-экономикалык жана моралдык жактан Евробиримдик үчүн утулуу деп атады.
Анын айтымында, ЕБ АКШ менен тең укуктуу эмес, ал тургай Улуу Британия алган шарттарга караганда чабалыраак соода келишимине кол койду. Парламентарий бул макулдашууну капитуляцияга салыштырып, өзгөчө француз өнөр жайынын, энергетикасынын жана коргонуу тармагынын кызыкчылыктарынан алганда, ал абдан ыңгайсыз, пайдасыз болгонун белгиледи.
Рубио республикачылар АКШ президенттигине чыгарчу талапкерди атады