БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу орус-кыргыз экономикалык мамилелеринин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык жөнүндө декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу "Слово Кыргызстана" гезитине курган маегинде билдирген.
Айтымында, биримдик мүчө өлкөлөрдүн экономикасын көтөрүп, атаандаштыкты жогорулатууга мүмкүндүк берди.
"Кыргызстан үчүн артыкчылыктар — Россиядан мунай продукцияларын бажы алымысыз импорттоо (2025-жылга 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель макулдашылган), эмгек миграциясы (2025-жылдын январь-май айларында Россияда иштеген КР жарандары 1 миллиард доллардан ашык которгон) жана технологиялык кооперация. Мисалы, 2024-жылдын декабрында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлорун каржылоо механизминин курамына кирди. Бул кыргыз өндүрүшчүлөрүнө жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн берет", — деди Вакунов.
Ал 2045-жылга чейин ЕАЭБди экономикалык, технологиялык жана интеллектуалдык лидерликке жеткен макрорегионго айлантуу пландалып жатканын белгиледи.
"Биздин негизги багытыбыз — орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыкты бекемдөө, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүү. Бул биринчи кезекте ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы кызматташтыкка тиешелүү", — деди элчи.