БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо каттарын бири-бирине жиберди.
Жапаров Декларацияга кол коюу жалпы тарыхка, маданий жакындыкка жана өз ара сый-урматка негизделген кыргыз-орус мамилелеринин динамикалуу өнүгүшү үчүн жаңы мейкиндиктерди ачканын белгиленген. Ошондой эле телеграммада Кыргыз Республикасы саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, гуманитардык байланыштарды түзүүгө өзгөчө маани берери жана Россия Федерациясы менен союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки жактуу жана көп тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө багытталганы баса көрсөтүлгөн.
Өз кезегинде Владимир Путин 2000-жылдагы Декларация эки элдин ортосундагы мамилелердин башаты болгонун жана бул маанилүү документке кол коюу эки тараптуу диалогду жана негизги багыттар боюнча кызматташууну сапаттык жактан кеңейтүү үчүн шарттарды түзгөнүн белгиледи.
Тараптар биргелешкен күч-аракет менен кыргыз-орус алакаларынын мындан аркы динамикалуу өнүгүшүн, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара кызматташууну камсыздайт, бул достук элдердин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет деген ишеним айтылды.