Вакунов: Россия — Кыргызстандагы эң ири инвесторлордун бири

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россия кыргыз экономикасына салым кошкон эң ири инвесторлордун бири болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын элчиси Сергей Вакунов Түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына карата "Слово Кыргызстана" гезитине курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Россиянын республикага салган инвестициясы 75 пайызга өсүп, дээрлик 280 миллион долларды түздү. 2025-жылдын январь-мартында россиялык инвестиция катары дагы 55,9 миллион доллар түшкөн. Энергетика, тоо-кен тармагы, өнөр жай, электрондук соода тармактарында долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкөдө россиялык капиталдын катышуусунда 1 700дөн ашык ишкана иштейт.
"Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) да маанилүү роль ойнойт. Анын каржылык колдоосу менен 800 миллион доллардан ашык суммага ГЭСтерди, курулуш материалдарын чыгаруучу жана тамак-аш азыктарын кайра иштетүүчү заводдорду, тигүү фабрикаларын курууну камтыган 3,5 миңден ашык демилге ишке ашырылды", — деди Вакунов.
Ал Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү экенин баса белгиледи. Былтыр өз ара товар жүгүртүү 25,3 пайызга көбөйүп, 3,89 миллиард долларды түздү.
"Албетте, бул көрсөткүчтөр чек эмес. 2024-жылдын октябрь айында өз ара товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча Россия-Кыргыз жол картасы бекитилген. Биздин өлкөлөр өнөр жай, айыл чарба, транспорт, санариптик технологиялар жаатында өз ара кызматташууну бекемдөөгө ниеттенүүдө. Өнөр жай кооперациясына, анын ичинде алдыңкы технологияларды киргизүүгө, биргелешкен өндүрүшкө жана кадрларды даярдоого басым жасалат", — деди РФ элчиси.
Вакунов: орус-кыргыз алакасынын динамикалуу өнүгүүсүнө ЕАЭБ түрткү болууда