БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россия Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жолдорун табууга көмөктөшө алат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондон сүйлөшкөндө билдирди.
Тараптар төмөнкү маселелерди да талкуулады:
Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абал каралып, Россия аймактагы жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын дагы бир ирет белгиледи;
Путин Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактап калуу маанилүү экенин айтты. Ошондой эле анын ички саясий туруктуулугун камсыздоо үчүн бардык этностук, конфессиялык топтордун мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын эске алууга токтолду.