Оштогу окуу жайлардан 13 миңден ашык студент айдалды

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Оштогу жогорку окуу жайлардан 13 миң 295 студент айдалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, булар сабакка катышпаган жана академиялык карыздары бар студенттер болгон.
Алардын тизмеси:
ОшМУ – 3 573 студент;
ОшТУ – 2 754 студент;
ОшКӨЭУ – 3 167 студент;
ОшМПУ – 3 629 студент;
КУУнун филиалы – 172 студент.
Учурда студенттерди мыйзамсыз окууга алган кызматкерлер аныкталууда.
УКМК: Ысык-Көлдөгү ЖОЖдордон 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды