БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында ат чаап бараткан Манастын айкели орнотулду.
Азырынча анын расмий ачылыш аземи боло элек.
Скульптор Тамила Маматова айкелдин бийиктиги — 10 метр, салмагы 4 тонна экенин билдирди. Постаменттен баштап скульптуранын найзасына чейин бийиктиги — 33 метр.
"Постамент 15 градустук жантайышта болгондуктан жеңил болсун деп айкелди жезден жасадык. Кар баскан аска-зоолорубузду, айланадагы ак имараттарды эске алып астына ак мраморду тандаганбыз. Бүркүт — эркиндиктин символу", — деди автор.
Белгилей кетсек, эски эстелик 2011-жылдын 31-августунда орнотулган. Колодон жасалган фигуранын бийиктиги 10 метр болсо, эстеликтин постаменти менен кошо бийиктиги 17 метрден ашкан. Ал скульптор Базарбай Сыдыковдун колунан чыккан. Эстелик Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата орнотулган. Аны демонтаждоо иштери 2025-жылдын январь айында башталган болчу. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов скульптуранын астыңкы бөлүгү бузулуп, капиталдык оңдоого муктаж экенин айткан.