Суучул Денис Петрашов Сингапурда өткөн чемпионатта коло медалдын ээси болду

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандык Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.
Спортчу 100 метрлик брасс стилинде жарышта марага 58,88 секундда келип, өлкөнүн рекордун жаңылады. Финалга чыккан 9 адамдын арасынан Петрашов биринчи кыргызстандык суучул болду.
Кыргыз спортчусу дагы 50 жана 200 метрлик брасс ыкмасы боюнча жарышка катышмакчы.
Петрашов АКШдагы турнирлерде бешинчи алтын медалын утту