1941-жылы калааны жана анын тегерек-четин 9000 жоокер ач-ток калып, суу, дары-дармексиз болсо да каармандык менен 20 миңдей немец жоокерлеринен коргогон. Алар коргонуп да, фашисттерге каршы чабуулга өтүп да, айтор, душманга чепти басып алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Анын акыркы коргоочусу майор Петр Гаврилов 23-июлда туткунга алынган.
3 жылдан кийин, тагыраагы, 1944-жылы окоп, тикенек зымдар жана артиллерия менен бекемделген Бресттеги Германиянын коргонуусун Кызыл армия беш күндүн ичинде талкалаган.
Чепти колдон чыгарып жибербеш үчүн нацисттер ага эки армияны алып келип, ал эми Гитлер "эмне кылсаңар да кармап турасыңар" деген буйрук берген.
Немецтер бир нече ирет контрчабуулга өткөнгө аракет кылып, бирок 28-июлда бир кезде басып алган шаарды таштап качууга аргасыз болгон. Ал эми бир жумадан соң баскынчылар Беларустун аймагынан биротоло куулган.