БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту өгөй кызы Дарьяны өлтүргөнү үчүн Евгений Бертрамды өмүр бою эркинен ажыратты.
Чүй облусунда 2024-жылдын октябрь айында үрөй учурган окуя болгон. 52 жаштагы киши 17 жаштагы кызды BMW X5 үлгүсүндөгү унаасы менен уурдап кеткен. Кийин кыздын сөөгү Чүйдөн табылган. Ал эми кылмышкер башка унаа менен Ысык-Көл облусунан колго түшүрүлгөн. Кармоо учурунда ал өз жанын кыюуга аракет кылганы айтылган.
Дарьянын апасы Бертрам кызын өч алуу үчүн өлтүргөнүн айтып келет, анткени аял анын зомбулугуна чыдабай кетип калган.