БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинин Масалиевден Ахунбаевге чейинки бөлүгү эки айга жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Реконструкциялоо иштери эртең, 29-июлда, башталат. Бирок алгач бордюрлар менен лотоктор демонтаждалгандыктан автоунаалар үчүн жол ачык болот. Оңдоо иштери негизги жолго жеткенде гана трасса толук жабылат.