Лавров: АКШ менен ЕБдин келишими Европанын өнөр жайын солгундатат

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кошмо Штаттар менен ЕБдин ортосундагы келишим Европага пайда алып келбей турганын РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Дипломат мындай чечим Европанын өнөр жайын өксүтөрүн жана америкалык энергетиканы алып жүрүүчүлөр Россияныкына караганда кымбат түшөрүн айтты.
"Албетте, биринчи иретте Европанын өнөр жайы менен айыл чарбасына жаман болот. Бул деген энергия булактарынын азайышы, инвестиция агымынын азайышы", — деген Лавров Россиянын жаштар билим берүү жаатындагы "Маанилүү аймак" деп аталган XI форумунда сүйлөп жатканда.
Лавров Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен сыяктуу жетекчилер ушул жол менен кетип жатканына корстон болгонун белгилеген.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 27-июлда соода келишимин түздү. Ал ЕБден АКШга жөнөтүлгөн товарлардан 15 пайыздык бажы төлөмү алынышын шарттайт. Мындан сырткары, Евробиримдик Кошмо Штаттардан өзөктүк отун, курал-жарак жана суюлтулган газ сатып алууга сөз берди.
Трамп ЕБ менен соода келишимин түзгөнүн жар салды