Дүйнөдө социализмге каршы туруу үчүн баңгизат бизнеси өнүккөн

Sputnik
Дүйнөлүк уюмдар жыл сайын аз эмес каражат коротуп, баңгизаттан жабыр тарткандар менен күрөшүп келет. "Ошол эле учурда, тарыхты алып карай турган болсок, анын жайылышына, таратылышына, керек болсо өстүрүп чыгышына атайын мамлекеттик кызматтар салымын кошкон доорлор болгон", - дейт бүгүнкү биздин программабыздын автору Улукман Мамытов.
Ал капиталисттердин мындай кадамга баруусунун башкы себеби социализмдин дүйнөгө таралышына каршы туруу болгонун белгилейт. Дүйнө коомчулугунун көйгөйүнө айланган баңгизат бизнесинин артында кимдер турган? Аны кандай жолдор менен жүргүзүп келишкен? Адам укугу баарынан бийик деген коомдо эмнеге миңдеген кишилердин, керек болсо бүтүндөй бир мамлекеттердин калкынын саламаттыгы садага чабылган?
Мунун баарын бүгүнкү "Экономикалык панорама" уктуруусунда кеп кылабыз.