Билимимди өркүндөтүп, мамлекетиме кызмат кылгым келет — киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиаданын байге ээси Исхак Тажибаев менен маек

Sputnik
Сингапурда өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстандык окуучулар эки коло медаль алды. Ага 27 өлкөдөн 135 окуучу катышкан. Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышып, дароо эле олжолуу кайтты. Бул мелдеште Бишкектеги "Кутбилим" билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу Исхак Тажибаев да медалга ээ болуп мекендештерин кубанычка бөлөдү.
Ал “Стимул” программасында конокто болуп, киберкоопсуздук боюнча сынак тууралуу жана бул тармакка кантип кызыгуусу жаралганы тууралуу айтып берди.