Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
ЕАЭБ быйыл өндүрүш жаатындагы кооперациялык долбоорлорго 3 млрд. рубль бөлдүЛавров АКШ менен ЕБдин келишими Европанын өнөр жайын солгундатарын айттыОштогу окуу жайлардан 13 миңден ашык студент айдалдыАлдыда кененирээкҮстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Кеңештин жыйынынын алкагында интеграциялык кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулайт. Ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында 13-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунда VII кыргыз-орус экономикалык форуму өткөрүлөт. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана экономикалык форумуна Жалпыга малымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо үчүн pressslujbapkr@gmail.com дарегине төмөндөгүлөрдү жөнөтүңүз: толук аты-жөнү, ЖМКнын аталышы жана ээлеген кызмат орду, электрондук форматта 3*4 сүрөт, паспорттун көчүрмөсү (PDF форматында). Аккредитация 2025-жылдын 1-августуна чейин жүргүзүлөт. ЖМК өкүлдөрүнүн санына чектөө коюлган: Телерадио компаниялары – 3 адамга чейин; Маалымат агенттиктери – 2 адамга чейин.
ЕАЭБ быйыл өндүрүш жаатындагы кооперациялык долбоорлорго 3 млрд рубль (37,8 млн доллар) бөлдү. Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди. Ал бул беш жылга эсептелген сынамык долбоор экенин белгиледи. Ага ылайык, Евразиялык экономикалык комиссия улуттук банктардын эсептик чени боюнча "бештиктин" пайызынын бир бөлүгүн субсидиялап берет.
Оштогу жогорку окуу жайлардан 13 миң 295 студент айдалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, булар сабакка катышпаган жана академиялык карыздары бар студенттер болгон. Алардын тизмеси: ОшМУ – 3 573 студент; ОшТУ – 2 754 студент; ОшКӨЭУ – 3 167 студент; ОшМПУ – 3 629 студент; КУУнун филиалы – 172 студент. Учурда студенттерди мыйзамсыз окууга алган кызматкерлер аныкталууда.
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-июлда саат 10:00 - 20:00 чейин 10 – кичи району; Масалиев –Ч. Айтматов проспектиси – Ы. Абдрахманов- Садырбаев көчөлөрү; Масалиев –Ч. Айтматов проспектилери – Токтоналиев – М. Гшлиессер көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт. Суу диаметри 500 мм болгон ЭЧЖК резервуарларды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулмакчы. Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Кошмо Штаттар менен ЕБдин ортосундагы келишим Европага пайда алып келбей турганын РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Дипломат мындай чечим Европанын өнөр жайын өксүтөрүн жана америкалык энергетиканы алып жүрүүчүлөр Россияныкына караганда кымбат түшөрүн айтты. "Албетте, биринчи иретте Европанын өнөр жайы менен айыл чарбасына жаман болот. Бул деген энергия булактарынын азайышы, инвестиция агымынын азайышы", — деген Лавров Россиянын жаштар билим берүү жаатындагы "Маанилүү аймак" деп аталган XI форумунда сүйлөп жатканда. Лавров Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен сыяктуу жетекчилер ушул жол менен кетип жатканына корстон болгонун белгилеген. АКШ президенти Дональд Трамп менен Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 27-июлда соода келишимин түздү. Ал ЕБден АКШга жөнөтүлгөн товарлардан 15 пайыздык бажы төлөмү алынышын шарттайт.