Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барып, анын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Алсак, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен Тажикстандын адистештирилген бизнес-ассоциацияларынын ортосунда кызматташуу боюнча эки меморандумга кол коюулду. Документ кызматташтыкты чыңдоого, айыл чарба экономикасы жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, агробизнес субъекттеринин жаңы рынокторго чыгуусуна көмөктөшүүгө багытталган.
Бул тууралуу КРдин Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев маек курду.