Жайкы туристтик сезондо жарандардын саламаттыгын үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

Sputnik
Жай мезгили туристтик сезондун эң активдүү учуру болгондуктан, жарандардын жана туристтердин коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ. Саламаттык сактоо министрлиги булмезгилде ыкчам жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында атайын комплекстүү план иштеп чыкты. Өлкөнүн бардык аймактарында медициналык жабдуулар текшерилип, дары-дармек запастары түзүлүп, ооруканада кошумча орундар даярдалды. Иссык-Көл жээгиндеги эс алуу жайларында медициналык пункттар ачылып, санитардык талаптарды сактоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева кеп кылды.