БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эгерде мурдагы президент жана европалык лидерлер болбогондо, АКШ лидери Дональд Трамптын Украина боюнча сүйлөшүүлөрүндө колго илинерлик натыйжа чыкмак эле. Мындай пикирин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто РИА Новостиге айтты.
"Эгерде экс-президент Байден жана европалык лидерлер акыркы жарым жылда Дональд Трамптын тынчтыкка умтулган аракеттерине тоскоолдук кылбаганда, анын кадамдары бир топ натыйжалуу болмок", — деген Сийярто.
Министр азыр согуш талаасында болуп жаткан нерселер үчүн экс-президент Байден менен ЕБдин башчыларынын өтө жоопкер экендигин белгиледи.