Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Украина боюнча Россия операцияга чейинки койгон максатына жетиши керек

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Россия Украина маселесинде атайын операция башталганга чейин койгон максаттарына жетиши керек. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, алгач Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу зарыл, андан кийин мамилелердин кандай болорун ойлонуу керек.
Москва менен Киевдин ортосундагы келечектеги мамиле кандай принциптерге негизделет деген журналисттердин суроосуна Песков жооп берип жатып, бул суроо учурда "өтө эле теориялык" экенин белгиледи.
"Алгач маселени жөнгө салуу керек, биз атайын аскердик операциянын алдында коюлган милдеттердин аткарылышын карайбыз, алардын бекитилиши зарыл", — деди Песков.
Трамптын атайын өкүлү Россия менен Украинаны элдештирсе болот деген ишенимде