Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Дезертир, кенемте... РФ сөөгүн берген жоокерлер боюнча соңку маалымат

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Украин бийлиги Россия сөөгүн өткөрүп берген жоокерлерди дезертир дегени жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, муну менен алар каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөдөн баш тартууну көздөшүүдө.
"Зеленскийдин бийлиги Россия кайтарып берген курман болгон украиналык аскерлерди дезертир деп жарыялап, алардын жакындарына төлөнчү компенсациядан баш тартууну пландап жатат", — деп агенттикке маалымат булагы айткан.
Июнда Россия Украинага 6060 аскердин сөөгүн өткөрүп берген. Ал эми Украина Россияга 78 орус аскерин кайтарып берген. Ушул аптада Стамбулдагы үчүнчү сүйлөшүү раундунда Россия Украинага дагы 3 миң аскердин сөөгүн өткөрүп берүүнү сунуштады, бирок азырынча мөөнөтү тактала элек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: Россия Стамбулда берген убадаларын аткарды