БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт, республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас аймагында 29…34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 32…37, Ысык-Көлдө 29...34, Нарын өрөөнүндө 26…31 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа менен Ош шаарында 34…36 градуска чыгат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.