Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Россия лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы түбөлүктүү достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндөгү Декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады. "Документке кол коюу — Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин азыркы этабынын башталышын шарттап, негизги багыттар боюнча кызматташууга жол салды", — деп белгиледи Путин. Аны менен катар эле ТИМ башчылары куттуктоо телеграммаларын бири-бирине тапшырды. Россия ТИМ башчысы Сергей Лавровдун куттуктоо катында эки өлкө ортосундагы байланыштар "көп жылдык тарыхка негизделгенин, анын ичинен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш өзгөчөлөнүп турарын" белгиледи.
Депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун "ашкере" деп баалады. Тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесиндеги "Кылмыш түшүнүгү" нормасына өзгөртүү сунушталган. Ага ылайык, кылмыш деп мыйзамда каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун таанылат. "Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө каралган, бирок зыяндуулугу аз болгондугунан улам коомго коркунуч келтирбеген жосундун белгилерине формалдуу болсо да туура келген аракет же аракетсиздик, ошондой эле мамлекеттин эгемендигин, конституциялык түзүлүштү, улуттук, экологиялык, экономикалык, маалыматтык коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максатында жасалган жосун кылмыш болуп саналбайт", —деп жазылган анда. Эл өкүлү бул мыйзам кабыл алынса сот адилеттүүлүгүнүн эмне керегеи бар деген суроону койгон.
Чолпон-Атада милиция кызматкерлери чөгүп бараткан 3 кызды куткарып калды. Маалыматка ылайык, “Көгүлтүр Ысык-Көл” пляжында суунун асты жар болуп, бирок тиешелүү белги коюлган эмес. Кыздар ошол жерге сууга түшкөн. Куткарылган өспүрүмдөр Жалал-Абад облусунун 11–12 жаштагы тургундары экени жана ата-энелери менен эс алууга келишкени белгилүү болду. Ата-энелер милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, алардын эрдигин жогору баалашты. Бул факт каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Россия Украина маселесинде атайын операция башталганга чейин койгон максаттарына жетиши керек. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, алгач Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу зарыл, андан кийин мамилелердин кандай болорун ойлонуу керек. Москва менен Киевдин ортосундагы келечектеги мамиле кандай принциптерге негизделет деген журналисттердин суроосуна Песков жооп берип жатып, бул суроо учурда "өтө эле теориялык" экенин белгиледи. "Алгач маселени жөнгө салуу керек, биз атайын аскердик операциянын алдында коюлган милдеттердин аткарылышын карайбыз, алардын бекитилиши зарыл", — деди Песков.